Бишкек шаарынын 144 жылдыгына карата жана Биринчи май районунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн “КР Кызыл Жарым Ай” улуттук коомунун кызматкерлери сыйланышты.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларды Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева тапшырды.

Акимчиликтин Ардак грамоталары менен:

- Касымова Гүлдар;
- Садыкова Асел;
- Эрика Айдай;
- Садыкова Санрабига.

Ыраазычылык каттары менен:

- Марсель Саламатов;
- Азаматов Адилет;
- Кимузаев Мажит;
- Маната Александр.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында муниципалдык администрация менен «КР Кызыл Жарым Ай» улуттук коомунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Коомдун президенти Чыңгыз Жакыпов өлкө аймагындагы гуманитардык иш-чараларга токтолду. Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүнү билдиришти.