Борбор калаанын райондорунун акимдери шаардыктар менен жеке жолугушууларды улантууда.

Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков шаардыктарды  жеке кабыл алды. Бул жолу шаардыктар Аламүдүн-1 кичи районундагы лифт маселеси, Үсөнбаев көчөсүнө мыйзамсыз курулган күркө, жеңил объектини демонтаждоо, материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылышты.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев да шаар тургундарга  салтка айланган жеке кабыл алуусун өткөрүп, жыйында социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай менен камсыз кылуу, тротуарларды жакшыртуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Өз кезегинде район башчысы бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын бөлүм башчыларына айтылган көйгөйлүү маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Шаар тургундарынын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, бардык көтөрүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ыкчам түрдө чечилет.

Эске салсак, Свердлов районунун башчысы ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. (0312) 36-01-93 телефону аркылуу жолугушууга жазылсаңыз болот.

Ленин районунун акими бейшемби күндөрү саат 15:00дө жеке кабыл алуу өткөрөт, алдын ала жазылуу үчүн телефон: (0312) 656909.