Борбор калаада муниципалдык менчикти ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды.

13-июнда https://etp.okmot.kg/msu// электрондук соода аянтчасына жайгаштырылган беш объект боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын орнотуу үчүн чакан жайлар, төлөм терминалдары, кичи-футбол аянтчасы.

Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өтүүчү аукционго катышууга чакырабыз жана сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз жана тааныштарыңызды жана досторуңузду издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз.