Бишкек шаарынын вице-мэрлерин дайындоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору жана статусу мыйзам менен аныкталуучу республикалык маанидеги шаар болуп саналат.

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэрлер, анын ичинде биринчи вице-мэр болоору белгиленген. Вице-мэрлерди шаардын мэри кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.

Ошону менен бирге, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кабыл алуу өзгөчө  (конкурстан тышкаркы) тартип менен бекитилет. Дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым административдик кызмат орундарынын тизмеси мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде аныкталат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин 6-главасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2022-жылдын 26-июнундагы № 64) "республикалык маанидеги шаарлардын вице-мэрлеринин" кызмат орундары дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу жогорку муниципалдык кызмат орундары болуп санала тургандыгы белгиленген.

Белгилей кетсек, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесинде  колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга шайкеш келтиргенге чейин, алар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

Ошол эле учурда, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда жана алардын бири дагы жогорку юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укук мамилелеринин бул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболору колдонулат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу процессин аксап  калуу коркунучун жоюу боюнча иш алып барууда.