Борбор калаада 2010-жылы туулган балдар жана өспүрүмдөр арасында жашаган жери боюнча жазгы спартакиаданын экинчи этабы өттү.

№16 жана №46 орто мектептердин базасында спорттун беш түрү: кичи футбол, пионербол, дартс, аркан тартыш жана ачык оюндар боюнча финалдык оюндарга 750 жаш спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепцияны ишке ашыруу боюнча жарлыгынын алкагында өткөрүлүүдө.