Залкар жазуучу, адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата Октябрь районунун №180 “Мээрим нуру” МЧББУсунда “Мен миң жыл жашадым” аттуу иш-чара болуп өттү.

КР Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иш планына ылайык, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата №180 “Мээрим нуру” бала бакчасында иш-чара болду.

Бул иш-чарага филология илимдеринин доктору, академик Сыртбай Мусаев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын  Билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова, аталган башкармалыктын башкы адиси Жайнагүл Сапалова жана ата-энелер, тарбиячылар, балдар катышкан семинар болуп өттү.

Иш-чаранын максаты өз өмүрүн тилге арнаган Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндө маалымат берүү, анын чыгармачылыгын, өмүр баянын, тил жөнүндө айткандарын жайылтуу, бөбөктөрдү патриоттуулукка тарбиялоо, ата-энелер менен тыгыз кызматташуу.

Иш-чаранын башында манас айтылып, тарбиячылар тарабынан даярдалган чакан программа катышкандардын маанайын көтөрдү.