Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Күн сайын инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, буга чейинки эскертүүлөр боюнча шаардыктар өз ыктыяры менен «Жаннат» мейманканасынын чарбалык курулушун, Д.Асанов атындагы сейил бактагы күркөнү, "Асанбай" сейил багындагы 6 күркөнү, Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги 20 тонналык контейнерди алышты.

Ал эми «Тазалык» атайын бөлүмү менен биргеликте «Ынтымак» сейил багындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү толугу менен тазалоо иштери жүргүзүлдү. Анда «Русский холод» күркөсү, батут, динамометр жана  муздаткыч алынган.

Мындан тышкары, реконструкциялануучу көчөлөрдү бошотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Эр-Тайлак жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объекттер демонтаждалды.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.