Биринчи май акимчилигинде кызматкерлерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чара өзгөчө кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү өздөштүрүү, күнүмдүк шарттарда адам өмүрүн сактап калуу жана коргоо үчүн ишенимдүү аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында уюштурулду.

Биринчи жардам көрсөтүүнүн теориялык жана практикалык негиздери жана ыкмаларын Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкери, биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструктор Нурбюбю Керимова түшүндүрүп, көрсөтүп берди.

Мастер-класстар жабырлануучулардын категориялары боюнча өткөрүлдү: чоңдор, балдар, ымыркайлар:
- биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн түшүнүгү, принциптери жана алгоритми;
- ар кандай өзгөчө кырдаалдарда дененин калыбына келтирүүчү абалын кабыл алуу;
- жүрөккө кыйыр массаж, жасалма дем алдыруу;
- дем алуу жолдоруна бөтөн зат киргенде жардам берүү;
- Уулуу курт-кумурскалар (жөргөмүштөр, кенелер, жыландар) чакканда жардам берүү;
- Кансыроонун түрлөрү жана ар кандай кансыроолорго жардам берүү.

Эскерте кетсек, Кызыл Жарым Ай коому чоң жана орто уюмдарга да биринчи жардам көрсөтүү боюнча коммерциялык тренингдерди өткөрөт.