Д.Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин «Жаш канат» элдик хореографиялык ансамблинин “Живи и помни” спектакли Москвада өткөн “1941-жылдын алмалары” жаштар театрынын эл аралык сынагында баш байгени жеңип алды.

Орус драма театрында кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланып, көрсөтүүнүн соңунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга сыйлыктарын тапшырды

Буга чейин ансамблдин көркөм жетекчиси Фаткулин Канат Серкалиевич сыйлыкты алуу үчүн Москвага учуп кеткен.

Ошондой эле, спектаклдин режиссёру жана сценаристи, «Жаш канат» фольклордук хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаткулин К.С. «КМШ шаарларын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» эстелик төш белгиси менен сыйланды.

Адамзаттын эң каргашалуу убакыттарынын бир бий, ыр, монологдор аркылуу берилген. Жаш актерлордун оюну эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Куттуктайбыз жана сыймыктанабыз силер менен, "Жаш Канат".