Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өтүүдө.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бакай-Ата-Нооруз-Нургазиев көчөсүнөн жана андан ары өзүнүн кыймылынын схемасы боюнча каттаган №260 кичиавтобустун кыймылынын чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Курамга ИИМдин Патрулдук-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү кирди.

Урматтуу шаардыктар! Комиссия жума сайын жума күндөрү саат 14:00дө өткөрүлөт жана расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646

Коомдук транспорт боюнча төмөнкү WhatsApp номерине кайрылсаңыздар болот: 0 (502) 205 202.