Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде Энелер күнү белгиленди.

Мекеменин жашоочулары үчүн концерт уюштурулуп, аны Кырыгыз Республикасынын  чек ара аскерлеринин ансамбли музыкалык жана энелерге арналган ырлар менен коштолду. Концерттен кийин майрамдык сый тамак уюштурулду.

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 213 адам жашайт.

Аталган мекеменин жашоочулары социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим, биринчи керектелүүчү буюмдар менен толук камсыз болуп турат.