Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен Биринчи май районунун аймагындагы Чүй проспектиси 98-Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде (Рубин), Чүй проспектиси менен Т.Молдо көчөсүнүн кесилишинде, Манас көчөсү 9, Ч.Айтматов 32, Шампанвинкомбинат имараттарынын фасаддары жаңыланып сырдалды, Илбирс имаратынын батыш тарабын жана Чүй проспектиси тарабындагы мрамору тазаланып жуулду.

Ч.Айтматов 22,  200 м² фасады сырдалган. Манас пр., 20 имаратынын сыртын жаңылоо үчүн  «МБС» КК жана  «Бийик Курулуш» КК тарабынан  176 637 сом каражат бөлүнүп берилген, Манас пр. 8 жана 10 үйдүн сыртын толугу менен  «Ихлас» ККсы оңдоо иштерин жүргүзөт.

Жакын арада Чүй проспектиси 134 ЕККУнун колдоосу менен иш башталат, Чүй 124, Чүй 126, Ч.Айтматов 16 «ROYAL Construction» ККсы тарабынан толугу менен оңдолот, Чүй 162 Манас 59 кесилишиндеги имаратты Демир Банктын жана  Чүй пр.100, Чүй пр.102 тургундардын колдоосу менен иштер башталат.

Мындан тышкары, Манас көчөсү 49 дарегиндеги имараттардын фасадын оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, каражат «Беллагио и Неман-Фарм» ЖЧКсы тарабынан бөлүнүп, Манас 47 Ч.Айтматов пр. 40, Ч.Айтматов пр. 54, Манас пр. Москва 16 кесилиши, Манас пр., 57 (Киев көч.) даректеринин ТМЭШ тарабынан каражат чогултулууда. Манас пр. 41 (куруучулар поликлиникасы), Манас пр., Чүй пр. 140, Чүй пр. 132 имарттарын оңдоо «Бийик Курулуш» ККнын кароосунда.

Белгилей кетсек, шаардык муниципалитет тарабынан: Ч. Айтматов пр.22, 24а, 24а, 34, 58 Ч. Медеров 217, анын ичинен Ч.Айтматов пр.24а оңдолуп бүттү, Ч.Айтматов 22 оңдоо иштери башталды. Бардык беш үй тең 2022-жылдын 20-майына чейин оңдолот.
7 объекте иш бүткөрүлдү, 5 объекте иштер уланууда, 9 объекте оңдоо иштери башталат. Айдын аягына чейин 21 объектиде иш бүткөрүлөт.