Жашыл түстөгү атайын форманын жайылып кетишине байланыштуу, ошондой эле шаардыктардын түшүнбөстүгүн болтурбоо максатында, муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын операторлору атайын форманын түсүн, атайын белгилер менен кызыл түскө алмаштырышты.  

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жол белгилери менен аныкталат, ал эми операторлор атайын кызыл  форма  кийишет жана формада атайын төш белгилери бар, алар төлөө үчүн чектерди берүүгө милдеттүү. Унааңызды канча убакытка калтырганыңызга карабастан, расмий жана бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт.

Муниципалдык унаа токтотуу жайлары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан  Кулиев көчөсүнө чейин;
Бейшеналиева көчөсү  Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин;
Токтогул  көчөсү Жаш Гвардия бульварынан  Ала –Арча көпүрөсүнө чейин;
Кулиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
Безимянный көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн  Ж. Пудовкин  көчөсүнө чейин;
Ж.Пудовкин көчөсү  Безимянный көчөсүнөн  Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
Сүйөркулов көчөсү (Ж. Пудовкин) бир бөлүгү;
Юнусалиев көчөсү (Сүйөркулов) бир бөлүгү;
Кулатов көчөсү (Матросов);
Сүйүнбаев көчөсү Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин;
Исанов көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин;
Ибраимов көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
Сары-Өзөн  базары;
Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн Славянский көчөсүнө чейин;
Токтогул көчөсү  (Мото соода борбору);
Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн  Фрунзе көчөсүнө чейин;
Бобулов көчөсү Чүй көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейин;
Мадина базары (жаңы  жол);
Бөкөнбаев көчөсү  Абдырахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин;
Киев көчөсү Манас көчөсүнөн Керимбеков  көчөсүнө чейин;
Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Ошондой эле Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери жаңыланып, толукталууда.

Урматтуу шаар тургундары! Эгер сиз муниципалдык унаа токтоочу жайлардын ишмердүүлүгүн бузуу фактыларына күбө болсоңуз (эгерде оператор атайын форма менен жабдылбаса же квитанция бербесе) “Бишкек унаа токтотуу жайлары жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына төмөнкү дарек боюнча фото жана видео далилдер менен кайрылыңыз: Чүй пр., 315 же кайрылууларды  0703 887 007 номуруна жөнөтүңүздөр.