Свердлов районунун акимиаты кайыр сураган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча рейддерди байма-бай өткөрүп келет.

Иштин жыйынтыгында 150 объект, анын ичинде  «Дордой», «Аламүдүн», «Мадина», «Чынар» базарлары,  «Глобус», «Народный», «Фрунзе» супермаркеттери", "Чынар", "Айчүрөк" соода борборлору, Борбордук мечит, райондогу мечиттер, түнкү интернет клубдар, кафелер текшерилди.

Натыйжада кайыр сураган 2 аял жана 2 бала, ошондой эле түн ичинде чоң кишилердин коштоосуз жүргөн, кароосуз калган 6 бала аныкталды.

Бардык адамдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, акт түзүлүп, кароосуз калган жашы жете элек балдар да мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана ата-энелерине өткөрүлүп берилди.