Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бишкек шаарынын аймагында орнотулган мыйзамсыз жарнактар, плакаттардын ээлерине инспекторлор тарабынан күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө  «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Жибек-Жолу, Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринин боюндагы 70тен ашык жарнама такталары (штендер, баннерлер, стеллалар) демонтаждалды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.