Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде ачык эшиктер күнү өттү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты.

Мектепке  дүлөй жана угуусу начар балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын жана азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатынын окуучулары келип, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрү менен куттукташты.

Мектептин теннис аянтчаларында теннис, стол тенниси, парапауэрлифтинг, параармрестлинг, парадзюдо жана паратаэквондо боюнча мелдештер өттү.

Коноктор үчүн көрсөтмөлүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, аларга мектептин алдыңкы спортчулары, Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрү, ири эл аралык мелдештердин жана турнирлердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери катышышты.

Иш-чара достук маанайда өтүп, бардык катышуучуларга жагымдуу эмоцияларды тартуулады.

Иш-чаранын негизги максаты - Бишкек шаарындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү сергек жашоого, активдүү дене тарбия жана спортко тартуу, спорттун паралимпиадалык түрлөрүн жайылтуу болуп саналат.