Ленин районунун Тыналиев көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн баштап Масалиев көчөсүнө чейин газон чөптүн үрөнүн себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эми жолдун боюн жашыл чөптөр кооздоп турат. Айта кетсек, биз жерди тегиздеп, атайын өсүмдүк топурак салып,  чөптүн үрөнүн септик.

Ахунбаев көчөсүнөн баштап Миңжылкыев көчөсүнө чейин себилген уруктар өсүп чыкты.

Биринчи май районунда Чүй проспектинде жана Аска-Таш комплексинде мурда жайгашкан дүкөндөрдүн ордунда жер тегизделип чөптүн уругу себилип даярдалган.

Ошондой эле Свердлов районунда Огонбаев көчөсүндө №4 мектептин алдында дагы себилген.

Биринчи май районунда Чүй проспектиндеги Ак үйдүн алдында дагы жашыл аймак уюштурулуп, учурда бадал жана кайыңдар өстүрүлүүдө.