Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун президенттик “Манас” оркестринин жандуу классикалык музыка концертине чакырат.
Концерт 26 жана 27-майда саат 19:00дө Эски аянтта ачык асман алдында өтөт.
Концерттин максаты – ар бир адамдын жана жалпы коомдун маданий жана руханий потенциалын өнүктүрүү жана ишке ашыруу.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
Оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру, КР Эл артисти – Эрнис Асаналиев.
Кирүү акысыз.