Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана БШК фракциясынын лидерлери менен жолукту.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эртең, 26-майда өтө турган БШКнын кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү маселеси козголду.

Талкууда тараптар мыйзам долбоорунун мазмуну боюнча бир пикирге келишти. Ошону менен бирге Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилгенге чейин өз сунуштарын жана сын-пикирлерин киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.