Евразия экономикалык биримдигинин өкүлдөрүнүн келишине байланыштуу саат 09:30дан 11:30га чейин Манас-Чыңгыз Айтматов проспектиси убактылуу жабылат.
Андыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын буйругу менен №5, 6, 11, 14 троллейбустук каттамдар убактылуу акыркы аялдамада болот.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.