Климаттын өзгөрүшүнө көнүү жана жаратылыш ресурстарын башкаруу маселелерине арналган тегерек столго «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери да катышты.
Тегерек столду БУУнун Кыргыз Республикасындагы командасы Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги жана Финляндиянын Нур-Султандагы элчилиги менен биргеликте уюштурду.
Анда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдөгү контексти жана көйгөйлөрү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле жакынкы жылдардагы абанын сапатын, климатты жана жаратылыш ресурстарын башкарууну жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин приоритеттери талкууланды.