Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы Нижняя Серафимовкада жайгашкан карылар үйүнүн жашоочуларына “От всего сердца” фондунан бөлүнүп берилген материалдык жардамды жеткирүү үчүн автобус бөлүп берди.

Ишкананын 1-автоколоннасынын жетекчиси Мирлан Дүйшекеев алты жылдан бери карылар үйүнүн администрациясы менен бекем достук мамиледе болуп, материалдык жардамды ташыган автобустун ижара акысын өз эсебинен төлөп келген.

Мына бүгүн гана биз бул боорукерликтин күбөсү болдук. Карылар үйүнүн администрациясы системалуу жана үзүрлүү кызматташуусу үчүн «От всего сердца» фондуна жана автобазанын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Карылар үйүнүн директору автотранспорт ишканасынын жетекчиси Темикеев Бакыт Акылбековичке жана 1-автоколоннанын жетекчиси Мирлан Дүйшекеевге ыраазычылык каттарын ыйгарды.