Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан KOICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн гуманитардык жардам берүү уюштурулду.

Иш-чара Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсунун катышуусунда өттү.

Район башчысы Ли Джонгсу мырзага гуманитардык жардам жана райондун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.

Жалпысынан 268 азык-түлүк баштыгы  206 үй-бүлөгө таратылып, көмөк 773 адамга, анын ичинде балдарга көрсөтүлдү.