"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы суу берүүнүн жаңы бутагын куруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат.

"Бишкек шаарынын суу менен камсыздоосун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун бир фазасынын алкагында канализация коллекторун куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тазалоочу курулмалардын кабыл алуу камерасынан Фучик-Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин канализациянын басым түтүгүн тартуу иштери аяктады.  Түтүк өткөргүчтүн узундугу-2 км 714 метрди түзсө, долбоор боюнча канализациялык системанын жалпы узундугу - 11 км түзөт.

Жаңы канализация тутумун куруу үчүн диаметри 1000 мм жана 2000 мм темир бетон түтүктөрү колдонулат. Булар заманбап туруктуу, бактериялык чабуулга дуушарланбайт, ысыктан, кургакчылыктан, нымдуулуктан жана үшүктөн коркпойт. Жаңы материалдар түтүктөрдүн ишенимдүүлүгүн 50 жылдан кем эмес кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.

Канализация түтүктөрүн орнотуу - атайын жабдууларды, белгилүү бир билимди жана көндүмдөрдү колдонууну талап кылган татаал процесс.

Иштин максаты - борбордун түштүк жана батыш аймактарында калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү,  ошондой эле калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.

МААЛЫМАТ:
2021-жылдын сентябрь айында «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында (II фаза) канализациялык коллекторду куруу иштери башталган. Курулуш эл аралык уюмдардын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

"Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" (II фаза) долбоору Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" ӨЭБсы тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун наркы 16 миллион еврону түзөт, анын ичинен 8 миллион евро насыя жана 8 миллион евро грант. Долбоорду 2023-жылы аяктоо пландалууда.