Будённый көчөсүндө канализациялык насостук станцияны орнотуу менен канализация тармактарын куруу иштери уланууда.

Курулуш иштери Куликовский көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки тилкеде жүрүп жатат. Анда темир-бетон кудуктары менен басымсыз түтүктөр тартылууда.
Курулуш иштери 5 этап менен пландаштырылган. Биринчи кезекте узундугу 310 погондук метр болгон магистралдык канализация тармактарын куруу иштери аяктады. Бүгүнкү күндө 500 погондук метр узундуктагы иштердин экинчи этабы аяктоо стадиясында турат. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулууда.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландаштырып алууну суранабыз.