Бир күн мурун Биринчи май район башчысынын биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиевдин төрагалыгы алдында пландуу кенешме өттү.

Райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жана МАБ жетекчилери катышты.

Бекитилген күн тартибине ылайык, 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды, ошондой эле Бишкек шаарынын улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинин жана “Коломто” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Эл аралык Балдарды коргоо күнүндө «Наристе» фестивалын өткөрүү, спектаклге катышуу, райондук билим берүү борбору аркылуу «Эр жигит» аскердик спартакиадасын уюштуруу, олимпиаданын жыйынтыгын чыгаруу, жол кыймылынын жаш инспектору, ар кандай мастер-класстар, көргөзмөлөр жана видеороликтерди, райондун конуштарында эстафеталарды, сынактарды, өткөрүү пландалууда, ошону менен бирге,  балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку жөлөкпулдар да каралган.

Учурда Бишкек шаарынын улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 208 адам жашайт, анын ичинен 98 ар кандай топтогу майыптыгы бар жарандар, күнүнө 200 сом өлчөмүндө үч маал тамак-аш берилет, мекеменин 70 кызматкери тейлейт. Мындан тышкары ар кандай маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.
«Коломто» мекемесинин маалыматы боюнча  туруктуу жашаган жери жок 70 жаранга убактылуу жатакана, бекер тамактануу, милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү, алгачкы санитардык тазалоо (душ, кир жуучу), мүмкүнчүлүккө жараша кийим-кече менен камсыздалууда. Көбүнчө үй-жайсыздарды тез жардам, милиция, волонтерлор жеткирип, айрымдары өз алдынча кайрылышат.

Белгилей кетсек, бул социалдык мекеме документтерди калыбына келтирүүгө, жакындарын издөөгө жана коомго кайтууга да көмөктөшөт.

Жыйынтыгында райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берүү менен протокол түзүлдү.