Биринчи май акимчилигинде укук бузуулар боюнча отурум өттү.

Шаардык инспекциянын жана МАБдын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын мүчөлөрү 5 материалды карашты.

Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык чектеш аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Арча-Бешик» конушунун тургунуна, «Универсал-Строй» ЖЧКсына (Токтогул көчөсү №87а), жеке ишкер (Горький көчөсү №126) жана «Интелмед» ЖЧКсында (Москва көчөсү №136) айып салынды. Бул берене боюнча жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
Ал эми жогорудагы мыйзамдын 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Ильмен көчөсүнүн жол кыртышын бузгандыгы үчүн «Ормош курулуш» ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды.

Комиссия отуруму  жумасына бир жолу болот.

Белгилей кетсек, отурумдар Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.