Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 29-майдан тарта Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан тосмолор жана чарбалык курулуштар бузулат.

Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат.