Борбордун айрым  олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектептеринде жаңы кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Русланбек Жуманазаров Биринчи май районундагы Сатымкул Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды.

Айбек Акматов Ленин райондук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин  директору болуп, ал эми Октябрь райондук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин жаңы жетекчиси болуп Кенжебек Өмүралиев дайындалды.

Ошондой эле олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук оюндар боюнча мектебиндеги бош орунга Нурлан Букуев келди.

Бардык жетекчилер сынактан өтүп, дайындалышты. Аларды спорттук мектептердин амааттарына  Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Мирлан Парханов тааныштырды.