Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдыгына карата Биринчи май райондук аскер комиссариатынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери сыйланышты.

Сыйлыктарды район башчысы Максатбек Сазыкулов тапшырып, көрсөткөн кызматына ыраазычылык билдирип, чың ден соолук жана  ийгиликтерди каалады.

Ардак грамоталар менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:
- Өмүрзакова Турганбүбү;
- Шадыбекова Бурулбүбү Абдыралиевна;
- Талипов Иличбек Медербекович;
- Мырзабаев Таалайбек Кагазбекович;
- Тургунбаев Эрнис Шейшенбекович;
- Омуралиева Тамара Аскеровна сыйланды.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында аким аскер комиссариатынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин демилгеси менен 1994-жылдын 19-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №347 токтомунун негизинде жыл сайын 29-майда белгиленип келет.