Эл аралык балдарды коргоо күнүн утурлай Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү балдарды куттуктады.

“Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда “Балдар биздин келечегибиз” аттуу майрамдык иш-чарага башчынын орун басары Аида Рысбаева жана РИИБнин орун басары Жумадил Шералиев катышты.

Ошондой эле үлгүлүү жүрүм-туруму жана жакшы окугандыгы үчүн 50 мектеп окуучусуна мактоо баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек,  Биринчи май районунун 12 мектебинин окуучулары концертке чакырылган.