"Бишкекжылуулукэнерго" КИсинде толугу менен оңдоо-профилактикалык иштери жүрүүдө.
2022-жылдын 26-майына карата 5 откана оңдолуп бүттү: ✓79, 82, 83, 96, 45 ОЖБМ жана 222 метр жылуулук тутумдары. ✓35, 23, 78 ОЖБМ отканаларын оңдоо аяктоо абалында.
Отканаларда от казандарын оңдоо боюнча жумуштар аткарылды:
көмүр менен - 44 бирдик;
газ менен - 86 бирдик;
электроддук - 31 бирдик.
Ошондой эле "Ротор" отканасындагы бөлүштүрүү тутумун алмаштыруу менен натрий-катиониттик чыпка, бузулган изоляция, жылуулук тутумунун бекиткичтери оңдолду.
"Бишкексельмаш" отканасындагы жылуулук тутумдарына гидравликалык сыноо, ТТТга, откана-көмөкчү жабдууларына (түтүн чыгаруучу, желдеткич, жылуулук алмаштыргыч, насостор ж.б.) оңдоо жүргүзүлүп, оңдоо-курулуш (отканаларлын имараттарын жана чатырларын оңдоо) иштери аяктады.