"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын ар кайсы райондорундагы балдар аянтчаларын жарыктандырууда.

Адистер төмөнкү даректер боюнча балдар аянтчаларын жарыктандырды: Каховская көчөсү №37, Циолков көчөсү №90, №86, Малышев № 74, Чокморов №300, Тимирязов №56. Аталган жерге 5 метрлик 20 даана сырткы жарык түркүктөрү менен бетон негиздери жана бирдей жарык диоддук  чырактар орнотулуп, металл мамылар түстүү боектор менен капталган. Бардык торшердик тирөөчөр ишкананын цехинде жасалган.

Ошондой эле Орозбеков көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин   5 метрлик 8 даана сырткы жарык мамылар орнотулуп, атайын порошок боек менен боелгон жарык диоддук чырактар орнотулуп, 220 метр электр берүү чубалгылары тартылды.

Мындан тышкары, электриктер Турусбеков көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки түндүк багытта авариялык жарык берүүчү тирөөчтөрдү тартипке келтиришти.


Урматтуу шаардыктар! Эгер күтүлбөгөн жерден көчөңүз караңгы болуп калса, ишкананын авариялык диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым кызматта.Тел ном: 0312 46-30-89,57-63-51, ошондой эле  WhatsApp 0777 902-115  аркылуу билдирме  калтырсаңыз болот.