Көңүл айтабыз...
27-майда 96 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамбетходжаев Садыр дүйнө менен кош айтышты.
Мамбетходжаев Садыр 1926-жылы 12-майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ак-Жар айылында туулган.
1944-1945-жылдары Белорус фронтунда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эмгек жолун 1950-жылы Үч-Терек районунун райондук финансы бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.
Бишкек шаарынын мэриясы оор жоготууга байланыштуу Мамбетходжаев Садырдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун...