Транспорт жана жол кызматкерлеринин профсоюзунун эл аралык ассоциациясынын төрагасынын орун басары Татьяна Берденева Бишкек троллейбус башкармалыгында болду.

Башкармалыктын  ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Татьяна Берденева Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Талант Капаров жана профсоюздун жетекчиси Болот Абдиев менен болгон жолугушууда Орусиянын транспорт кызматкерлеринин ассоциациясы Бишкек троллейбус башкармалыгы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.