Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын жетекчилиги жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө мектептердин даярдыгын текшерди.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 27-28-май күндөрү тестирлөөнүн экинчи этабы №6, 24, 27, 28, 29, 69 мектептерде башталып, эки нөөмөт менен окутулду.

Ар бир мектепке балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкери, участкалык инспектор жана медициналык кызматкерлер бекитилген. Үчүнчү этап 24 жана 25-июнга белгиленген.

Быйыл Биринчи май району боюнча 1910 мектеп окуучусу 11-классты аяктаса, анын 76сы өзгөчө үлгүдөгү  аттестат алуучу абитуриенттер.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, каалаган Жогорку окуу жайларга тапшырууну  каалайт.