Борбор калаанын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу билим берүү мекемелеринин курулушу менен таанышты.

Н.Шаршеналиев №75 орто мектептин курулушу менен таанышып, учурда кошумча имараттардын курулушу жүрүп жаткан №40, №20, №73, №35, №6 мектептерди дагы  текшерди.

Ошондой эле Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын курулушун жана №10 жана №76 орто мектептерди бекемдөө, капиталдык оңдоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алды.

Текшерүү учурунда вице-мэр курулуш иштерин күчөтүүнү белгилеп, курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан  2022-жылга республикалык бюджеттин эсебинен 9 билим берүү мекемесин куруу пландалып, учурда бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп жатат.