Бишкекте балдар арасында “Shoro Kid’s Run” массалык жарышы өттү.
Иш-чара Балдарды коргоо күнүнө жана ата мекендик “Шоро” ишканасынын 30 жылдыгына карата уюштурулууду.
Ага жалпысынан рекорддук сандагы катышуучулар – 2 жаштан 16 жашка чейинки 1000 бала катышты.
Жарыш Ынтымак сейил багында өтүп, чоң старт шаарчасы, маданий шоу-программа, оюндар, сынактар, спорттук оюндар жана сүрөт тартуу уюштурулду.
Жарыштын максаты - балдарды спортко жана сергек жашоого тартуу.
Жаш жөө күлүктөргө ыңгайлуу болушу үчүн бардык катышуучулар жаш категорияларына жана аралыктарга бөлүнүштү.
•2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка чуркашты;
•6-8 жаштагы балдар - 500 метр;
•6-1 жашка чейинки балдар - 1 километр;
•13—16 жаштагы балдар — 3 километр.
Финишке жеткен ар бир бала демөөрчүлөрдөн жана өнөктөштөрдөн эстелик медалдарды жана байгелерди алышты.
Иш-чаранын спорттук бөлүгү аяктагандан кийин маданий шоу-программа уюштурулуп, анын алкагында белгилүү тамгалык артисттер, “Ким билет?” хиттин аткаруучусу Jax 02.14 жана Кыргызстандагы эң популярдуу тик-ток үйүнүн жашоочулары - "Crush House" катышты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө балдарга жана конокторго аниматорлор супер баатырлардын образында көңүл ачышты.
Жарыштын уюштуруучусу «Тонус» фонду, титулдук демөөрчүсү «Шоро» компаниясы, башкы демөөрчүсү борбор калаа муниципалитетинин колдоосу менен «Икон Девелопмент» курулуш компаниясы.