Ленин райондук администрациясында киреше боюнча штабдын жыйыны өткөрүлүп, ага райондук МСКБнын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча салык кызматынын  өкүлдөрү жана МАБдардын жетекчилери катышты.

2022-жылдын январь-май айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жергиликтүү салыктарды чогултуунун түрлөрү боюнча аткаруунун райондук көрсөткүчтөрү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында күтүлгөн көрсөткүчтөр каралды, аткарылган иштер жана Ленин районунун ишкерлери тарабынан ККМ орнотуу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Эске салсак, жыл башынан бери киреше бөлүгүнө 951,1 млн сом салыктык төлөмдөр жана жыйымдар түшүп, план 827,5 млн сом болсо, аткарылышы белгиленген пландын 114,9% түзгөн.

Салык кызматтарына салыктын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жана мүлк салыгын чогултуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү сунушталды.

Салык төлөмдөрүн өз убагында төлөгөн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз.