Кыргызстандагы биринчи скейтпарк Ынтымак-2 паркынын аймагында ачылды.

Жаңы спорт зонасы бардык шаар тургундары үчүн белек. Скейтпарк демөөрчүлөрдүн каражатына курулду.

Скейтпаркты Октябрь районунун акими Азамат Дороев жана спорттун экстремалдык түрлөрү федерациясынын өкүлү Мамаюсупов Б. ачты.