Биринчи май райондук администрациясында борбор калаанын вице-мэри Олег Попиковдун төрагалыгы алдында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын "Бишкекгаз" филиалынын, «Түндүкэлектр» ААКнын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  газдаштыруу жана энергия менен камсыздоо боюнча  жыйын өттү.

Жыйын Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын өкүлү инвестициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшү, объекттерди газдаштырууга баа берүүнүн критерийлери жана ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары газдаштыруу процессинде пайда болгон өндүрүштүк маселелерди: конуштрды  газдаштыруунун шарттары, газга кошуу үчүн этап-этабы менен төлөөнүн финансылык инструменттери жана башкаларды талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгында акимчиликтерге шаардын “ак тактар” деп аталган аймактарды жана өнөр жай объектилерин кошумча газдаштыруунун жана газдаштыруунун эффективдүү системасын ишке ашыруу үчүн негизги маалыматтарды чогултууну тездетүү тапшырылды.