Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аквапаркында бала сууга чөгүп кеткен окуя боюнча билдирет.

№95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышып, эс алуу учурунда  бир бала сууга чөгүп каза болгон.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул ишти кароо боюнча башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринин ичинен комиссия түздү. Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп жамаатынын канчалык деңгээлде катышкандыгын  жана жоопкерчилигин аныктайт.