Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен Биринчи май акимиаты Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз сооданы масштабдуу түрдө демонтаждоо иштерин баштайт.

Тиешелүү кызматтар менен биргеликте соода түйүндөрү, электр жарыгына мыйзамсыз улаган жайлар алынат, коомдук тартиптин күнү-түнү сакталышын укук коргоо органдары да көзөмөлдөйт.

Ошол эле учурда Эмен сейил багынын аймагына балдар аянтчасы көчүрүлөт.

Ал эми шаардыктар үчүн дагы бир белектин бири - жаңыланган Эмен паркы болмокчу. Демөөрчүлөрдүн эсебинен сейилбак көрктөндүрүлүп, сырткы айкелдердин жарыктандыруусу жаңыртылып, таманташ жана отургучтар алмаштырылды.
Белгилеп кетсек, коюлган тапшырма аткарылмайынча, ушундай рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардыктар үчүн тынч, көрктүү жана ыңгайлуу жай болгон Эркиндик бульварынын мурунку даңкка кайтышын каалайбыз. Анткени, бул жерге шаардыктар ырахаттануу менен эс алганы келишет.