Бишкек шаарында «Эң жакшы короо», «Эң жакшы квартал», «Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы», «Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы»  конкурстары жарыяланды.

“Эң жакшы короо” сынагы эки номинация боюнча өткөрүлөт: 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр. «Эң жакшы короо» сынагына Бишкек шаарынын турак жай ээлеринин шериктери, турак жай-курулуш кооперативдери, турак жай-эксплуатациялык кооперативдери жана үй комитеттери катышууда. Бишкек шаарынын райондук комитеттери «Эң жакшы квартал» сынагына катышат.

«Эң жакшы короо» конкурсунун байге фонду 460 миң  сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
-1-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
-2-орун – 80 миң  сом, орундардын саны – 2;
-3-орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.

«Эң жакшы квартал» конкурсунун байге фонду 300 миң сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
-1-орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
-2-орун – 100 миң  сом, орундардын саны – 1;
-3-орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.

«Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы», «Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» номинациялары боюнча конкурстун байге фонду ар бир номинацияга  100 миң сомдон түзөт.

Арыздар 2022-жылдын 20-октябрына чейин кабыл алынат.

Урматтуу шаардыктар! Сынактар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана аймактык деңгээлде шаарды өнүктүрүү боюнча ишти уюштурууга багытталган Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракетин стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.