Капиталдык курулуш башкармалыгы №8 жана 16 балдар билим берүү уюмдарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине тендер жарыялайт.

№8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси 4 тайпага жана 120 балага ылайыкталган. Оңдоло турган  имараттын жалпы аянты 600 м2. Ал эми №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жалпы аянты 1000 м2. Имарат 6 тайпага жана 150 балага ылайыкталган.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу менен жалпы оңдоо иштери пландалууда. Ошондой эле электр тармактары да оңдолот.

Мындан тышкары жашылдандыруу иштери да пландаштырылууда.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында: www.zakupki.gov.kg