Бишкек шаарынын мэриясы эң жакшы шаардык долбоорлордун сынагына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүн 2022-жылдын 30-июнуна чейин узартты.

Шаардыктардын көптөгөн кайрылууларынан улам, ошондой эле Бишкек шаарынын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүн камтуу, мурда кабыл алынган конкурстук материалдардын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүү максатында узартылды.