Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы бир катар иштерди өткөрүүгө тендер жарыялады.

1. Жалпы узундугу 2100 погон метр болгон Ушаков, Фиолетовая, Прежевальск көчөлөрү жана узундугу 600 погон метр болгон Крым көчөсү боюнча канализация куруу.

2. «Көк жар» конушундагы №88 орто мектебине кошумча окуу корпусун куруу үчүн долбоорлоо – изилдөө иштери. №88 орто мектебинде кошумча имараттын курулушу,  жыйындар жайы, спорт зал, ашкана, китепкана ж.б. менен пландаштырылууда.

3. №31 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын бекемдөө жана капиталдык оңдоо иштери.

4. Саламаттык сактоо объекттерин оңдоо иштери:
- №1шаардык клиникалык оорукананын фасадын жана кардиологиялык корпусун оңдоо;
- №2 үй-бүлөлүк медицина борборун жылытуу системасын оңдоо;
- «Кызыл-Аскер» конушундагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалын жалпы оңдоо;
- №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун имараттарын жалпы оңдоо;
- шаардык балдар клиникалык ооруканасынын соматикалык корпусунун чатырын оңдоо;
- саламаттык сактоо департаментинин автобазасынын аянты 116 м2 болгон унаа жуучу жана аянты 645 м2 болгон оңдоо зонасын оңдоп-түзөө.

5. А.Токомбаев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Конкурстар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды: www.zakupki.gov.kg