“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча,  9-июнда саат 9.00дөн 23.00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат.

"Баха" суу алгычындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү  Абдрахманов көчөсүнөн  Арча-Бешик конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев көчөлөрүндө, ошондой эле Сары -Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар, 105 контур жана Селекция конуштарында.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын суранат.