«Тазалык» муниципалдык ишканасы өз бөлүгүндө оңдоо иштерин улантууда.

Юлиус Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан Аска-Таш комплексинде «БИШКЕК» деген жазуусу бар постаменттин керамогранитин  алмаштырууну баштадык.

Мындан тышкары, стела жана петроглифтер сырдалды.

Буга чейин ушул эле комплексте тазалыкчылар фонтандарды, отургучтарды, урналарды, «Бишкек» деген жазууну жана стеладагы орнаментти сырдашкан.

Фонтандардын четтерин оңдоого да жетишип, үн өткөрбөй турган тосмолор дагы орнотулган.