“Газпром балдарга” спорттук-эс алуу комплексинде таэквондо ГТФ боюнча Бишкек шаарынын VI чемпионаты жана биринчилиги аяктады.
Чемпионат 28-июндан 30-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында өтө турган "PEARL OF KYRGYZSTAN" алкагында КМШ Кубогуна арналган.
Чемпионатка 12-14, 15-17 жана 18+ жаш топторунда хъенг, массоги, пункт-стоп жана командалык дубал программалары боюнча 5-18+ жаштагы 369 таэквондочу катышты.
Командалык дубалдын чемпиондору кубок жана башка белектер менен сыйланышты.
Жалпысынан 95 комплект медаль, кубок, диплом жана баалуу сыйлыктар ойнотулду.